Бир катар каракчылыкка шектелген 22 жаштагы кыз кармалды

Жазылуу
Териштирүү маалында анын дагы эки кылмышка тиешеси бар экени аныкталган. Учурда кийинки тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бир катар каракчылык иштерге шектелип 22 жаштагы кыз кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Камактагы кол кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокатта уурулар мектепти карактап, андан кийин май куюучу жайдан бензин уурдап кетишкен
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Донецк жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафелердин биринен аталган жаран күч колдонуу менен кафеге келген аялдын телефонун тартып алып, из жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча Октябрь РИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын жашоочусу Сайкал аттуу кыз кармалган.

Териштирүү маалында анын дагы эки кылмышка тиешеси бар экени аныкталган. Учурда кийинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0