Токмокто канал суусуна аккан аялдын ким экени аныктала элек

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКанал. Архив
Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял менен кошо аны куткарууга аракет кылган милиция кызматкери Тынчтык Абдрахманов да көз жумду. Ал кечээ, 10-ноябрь күнү жерге берилди.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Токмок шаарындагы каналга аккан аялдын ким экени ушу кезге чейин аныктала электигин Чүй облусунун ШИИБ билдирди.

Милиция баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялды куткарам деп сууга чөгүп кеткен милиционердин үй-бүлөсүнө 100 миң сом берилди
Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында каналга агып бара жаткан аялды куткаруу үчүн кичи сержант Тынчтык Абдрахманов сууга секирип, катуу агымдан улам экөө тең суудан чыга албай калышкан. 26 жаштагы милиционер менен болжол менен ошол эле курактагы аялдын сөөгү Бишкек — Кемин унаа жолунун 59-чакырымында каналдын бүткөн жеринен табылган. 

Абдрамановду жерге берүү зыйнаты кечээ, 10-ноябрь күнү болду. Ал эми аялдын ким экени тактала элек. Милициянын маалыматы боюнча, азиат улутундагы аял болжол менен 25-30 жашта, бою 160-165 сантиметр болгон. Кара чачы ийининен түшүп турат. Күңүрт түстөгү шымынын эки капталында боз чийиндери бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0