Коргоо министрлиги бут кийим сатып алууда 3,2 млн. сом зыян келтирген

Жазылуу
Тендердик комиссия 1400 сом турган бут кийимди 2600 сомго баалаган компанияны жеңүүчү деп таап, мындан улам мамлекетти ири көлөмдөгү чыгымга учураткан.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мыйзамсыз тендер өткөрүп, анын натыйжасында мамлекетке үч миллион сомдон ашуун зыян келтирген Коргоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Суу түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суу түтүгүн орнотууга бөлүнгөн 1 млн. сом акчаны кызматкерлер өз ара бөлүп алган
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бут кийим сатып алуу боюнча жарыяланган тендер катышуучуларынын заявкалары четке кагылган. Бирок комиссия 1400 сом турган бут кийимди 2600 сомго баалаган компанияны жеңүүчү деп таап, мындан мамлекетке 3 миллион 240 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча үч берененин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, ноябрдан баштап Коргоо министрлиги Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитет болуп өзгөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0