Ынды каранын "сыйкырына" алданган кыргызстандык долларынан кол жууду

Жазылуу
Алдамчыларга ишенип машинасын күрөөгө коюп, кичине топтоп жүргөн акчасын кошуп туруп, аны эки-үч эсе көбөйтүп алам деген кыргызстандык барынан куру жалак калды.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Камерун менен Нигериянын жарандары Москвада жүргөн кыргызстандыкты "акчаңды атайын порошоктун жардамы менен көбөйтүп беребиз" деп ишендирип, 5400 долларын алдап алышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы Россиядагы өкүлчүлүгүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Милициянын фуражкасы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер сатып берем деп 250 миң сом алып кеткен жаран колго түштү
Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун 45 жаштагы тургуну ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, Карим жана Жамин аттуу бейтааныш кишилер анын акчасын алдап кеткенин айтып, аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Ж.А. аттуу жараны Москвадагы тез тамактануучу жайлардын биринен ынды кара Карим аттуу чет элдик менен таанышкан. Карим атайын техниканын жардамы менен долларды эки-үч эсе көбөйтүп алса болорун айтып, тигини ишендирген. Бир канча күндөн кийин Карим Франциянын тургунумун деген Жамин аттуу досу менен тааныштырган. Ал экөө кыргызстандык жаранга Европадан алынып келген атайын техниканын жардамы менен акчаны көбөйтүү ыкмаларын көрсөтүп, жөнөкөй эле кагазды долларга айлантса болорун айтып, катуу ишендирген.

Россиянын кыргызстандык жараны автомашинасын күрөөгө коюп, чогултуп жүргөн акчасын кошуп туруп алдамчыларга карматкан. Карим менен Жамин акчаларга атайын порошокторду кошуп, эки кара кагаздын ортосуна коюп, фольга менен ороп, скотч менен таңып, 24 саат бою 10 килограммдык оор нерсенин астында басылып турушун айткан. Ошондо гана акчалар көбөйө турганын билдиришкен.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мурунку вице-консулу алдамчылыкка шектелип кармалды
Киши үйүнө келип оролгон нерсени ачканда ичинен 100 доллар өлчөмүндөгү кара кагаздарды гана тапкан. 

Жабырлануучу 2015-жылдын ноябрь айында гана КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылган.

Россиянын күч түзүмдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында алдамчылыкка шектелип чет элдик эки жаран кармалган. 

Алар: 

 

  • 24 жаштагы Нигериянын жараны Батхоломе Эммануел Чибузо. Каймана аты — Карим. Анын жанынан жасалма башка документтер да табылган.
  • 40 жаштагы Камерундун тургуну Жомаха Херман Тиерри. Каймана аты — Жамин. 

 

Аларга карата Россиянын кылмыш жаза кодексинин алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0