Коргоо министрлигинде иштегендердин жаңы коррупциялык аракеттери аныкталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Коргоо министрлигинин шеврону. Архив
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо министрлиги менен "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишим бир катар мыйзам бузуулар менен түзүлүп, аткарылган иштер 7 миллион 477,9 миң сомго ашыкча көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Коргоо министрлиги менен "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын ортосунда курулуш иштерин жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишим бир катар мыйзамдарды бузуу менен ишке ашканы боюнча жаңы фактылар аныкталганын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын апрелинде Коргоо министрилиги №61 аскер шаарчасындагы имаратын Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүү комбинатына ылайыкташтыруу боюнча буйругу чыккан. Ушундан улам Коргоо министрлиги менен "Аскер курулуш" ишканасынын ортосунда курулуш иштерин аткаруу боюнча 18 миллион 750 миң сомдук келишим түзүлгөн. 2013-жылдын ноябрь айында аталган эки тараптын ортосунда кызмат көрсөтүү боюнча 9 миллион 685,2 миң сомдук дагы кошумча келишим түзүлгөн.

Коргоо министрине карата кылмыш иши козголду
Буга чейин аталган иш боюнча мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбергеновго жана министрликтин бир катар кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

Аталган кызматтан билдиргендей, келишим "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамдын талаптарын бузуу менен тендер өткөрбөй туруп түзүлгөн. Андан сырткары "Шаар куруу жана архитектура" мыйзамын бузуу менен ишке ашкан. Анын ичинен курулуш иштери мамлекеттик экспертизадан өткөн эмес. Курулуш экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын көзөмөлү жок жүргүзүлгөн. Анан калса, аткарылган иштер 7 миллион 477,9 миң сомго ашык көрсөтүлгөн.

Аталган факты боюнча кылмыш жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык будамайлоо", "коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин укуктарынан аша чабуу", "аукцион же тендер өткөрүүнүн тартибин бузуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. 

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0