Чала тааныш кишиге жүз миң сомун кармата берген жигит, оозун карманып отурат

Жазылуу
Шаардык милиция учурда шектүү делген кишини кармап, жүз миң сом кайда кеткенин иликтеп жатат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкектин 26 жаштагы тургуну чала тааныш Алым аттуу бирөө анын 103 миң сомун алдап кеткенине арызданып, милицияга кайрылган.

Тартип коргоочуларга берген арызында, берки киши анын ишенимине кирип, акчасын жымырып кеткенин жазып берген. Шаардык милициянын "Тартип сактоо" деп аталган рейдинин натыйжасында, Ош облусунда туулган, 49 жаштагы Алимжан аттуу жаран шектүү деп кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп, тергөөчүлөр 103 миңдин изин издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0