Кызыл жарыкка өтүп кеткен "Лексус" тепловоз менен кагышты

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүСемафор. Архив
Семафор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрь түнү Кантта болгон.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кантта "Лексус" автоунаасы тепловоз менен кагышканын Чүй ОИИБ билдирди.

Кырсык үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрь түнү болгон. 23 жаштагы айдоочу Панфилов көчөсү менен кетип бара жатып, жолдогу тосмого жана семафордун кызыл жарыгына карабастан, темир жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган. 

Натыйжада унаа тепловозду барып бир сүз калган. Милиция кызматкерлери кырсык кесепетинен эч ким жабыр тартпаганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0