Түн ичинде уурулук кылып жан баккан милиция кызматкерлери кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар тургунун үйүнөн таяктап туруп, көз көрүнөө акчасын алып кеткен каракчылар Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери экени аныкталды

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Шаар тургунун түн ичинде ачык эле каратып туруп тоноп кеткен Бишкек шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлерин кесиптештери колго түшүрдү. Бул тууралуу ШИИБ билдирет.

Камакка алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы конуштагы үйлөрдү карактап келген топ кармалды
Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен түнкү саат 02.00дө 8-кичи райондун тургунун белгисиз адамдар келип, себепсиз ур-токмокко алып 8 миң сомун жана уюлдук телефонун алып кетишкен.

Каракталган жарандын арызынын негизинде милиция кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, кылмышкерлерди кармаган. Натыйжада уурулукка баргандар убактылуу кармоочу жайдын 21 жаштагы эки кызматкери экени аныкталды.

Аталган факт боюнча "Тоноочулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Октябрь РИИБ кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0