ӨКМ: жер титирөөнүн күчү 7 баллга жетип, 4-5 үйдүн дубалдары урады

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алай районун бир нече айылдарында турак үйлөр менен короо-сарайларынын дубалдарында майда жаракалар пайда болгон. Кызыл-Суу айылдык аймагына караштуу Чайчи айылында 4-5 турак жайдын айрым дубалдары урап түшкөн.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кечээ түнү болгон жер титирөөнүн күчү 7 баллга жеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 23.29да болгон жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Кара-Суу району болду. Мында залзаланын күчү Талдык, Лаглан, Тээке айылдарында — 7 балл, Кызыл-Туу, Боз-Караган, Гүлчө айылдарында — 6-7 балл, Ош шаарында — 6 балл, Жалал-Абад шаарында — 4-5 балл жана Өзгөн шаарында— 5-6 баллга жетти.

Жер титирөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер титирөөдөн улам Кара-Кулжада жарык өчүп, терезелер сынды
Алай районун бир нече айылдарында турак үйлөр менен короо-сарайларынын дубалдарында майда жаракалар пайда болгон. Мындан тышкары, Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылдык аймагына караштуу Чайчи айылында 4-5 турак жайдын айрым дубалдары урап түшкөн.

ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынан жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ түзүлүп, 2015-жылдын 18-ноябрь күнү жер титирөөнүн кесепеттерин тактоо жана жеринде тийиштүү иш-чараларды уюштуруу үчүн чыгып кетти.

Ошондой эле Кара-Суу райондук Жарандык коргоо комиссиясы жеринде иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0