"Хаят" мейманканасынан саперлор бомба издеп жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкери ит менен. Архив
ИИМ кызматкери ит менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең менен саат 9:50де мейманканага бомба коюлду деген маалымат келип түштү.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Хаят" мейманканасына бомба коюлду деген маалымат милицияга түшүп, имарат ичиндеги эл сыртка чыгарылып, учурда саперлор текшерип жатат. Бул туурасында Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Эртең менен саат 9:50де мейманканага бомба коюлду деген маалымат келип түштү. Учурда объект текшерүүгө алынып, ичиндеги эл эвакуацияланды. Маалыматтардын жалган болуп чыгышына биз да ниет кылып турабыз", — дешти маалымат кызматынан.

Аталган мейманкадан Sputnik маалымат агенттигине адаттагыдай эле иштеп жатышкандыгын айтышты. 

Учурда имарат курчоого алынып, жардыргыч заттын бар-жогу текшерилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0