Ээн баштанып басып кеткен ефрейтор карактоого шектелип жатат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАскер. Архив
Аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоокер мындан төрт күн мурда аскер бөлүктөн өз алдынча чыгып кеткен.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Баткенде аскер кызматкери карактоого шектелип жатат. Бул туурасында Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматы билдирди. 

Башкы штабдын маалыматында, ефрейтор 14-ноябрда Баткен облусундагы №30630 аскер бөлүгүн калтырып, өз алдынча басып кеткен. Ал кийинчерээк Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Жоокер Кылмыш жаза кодексинин "Карактоо" беренеси боюнча шектелүүдө. Башкы штаб аталган факты боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыгын, анын жыйынтыгын кечирээк билдирээрин кабарлады. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0