"Кыргызалтын" компаниясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Учурда иликтөө иштери улантылууда. Министрлик тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иш жыйынтыгы тууралуу маалыматтар кийинчерээк берилерин белгилейт.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Эсеп палатасынын аудитордук текшерүүсүнүн натыйжасында "Кыргызалтын" компаниясынын Кара-Балта шаарындагы филиалы "Аффинаждык завод" ишканасындагы мыйзамсыз аракеттер боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМ билдирди.

Добыча и переработка золотоносной руды в Амурской области - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызалтындан" алтын уурдалды
Ири көлөмдөгү мүлктү ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелеринин негизинде козголгон иш ИИМнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берилди. Анын алкагында бир нече дарек боюнча тинтүү иштери жүрдү. 

Учурда иликтөө иштери улантылууда. Министрлик тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иш жыйынтыгы тууралуу маалыматтар кийинчерээк берилерин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0