Баңги-зат. Архив

Баңги затты Кыргызстан аркылуу Россия менен Казакстанга жөнөтүүчү транзиттик жол буулду

78
(жаңыланган 12:59 19.11.2015)
Текшерүү учурунда 53 жашар адамдын колундагы кара түстөгү баштыктан скотч менен оролгон тогуз таңгак табылган. Анын жанында 37 жаштагы шериги болгон.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кылдат даярдалган ыкчам операциянын негизинде Бишкекте афган баңги затынын Кыргызстан аркылуу Казакстан менен Россияга кетүүчү жолун мыктап алган жарандар кармалганын Мамлекеттик баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар шаардын Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган. Текшерүү учурунда 53 жашар адамдын колундагы кара түстөгү баштыктан скотч менен оролгон тогуз таңгак табылган. Анын жанында 37 жаштагы шериги болгон.

Эксперттик-криминалдык кызматтын бүтүмүнө ылайык, табылган 8 килограмм 542 грамм көлөмүндөгү зат апийим экени аныкталды. 

Муну менен афган баңги затынын транзиттик жолу буулуп, уюшкан топ чачыратылды. Ал эми апийимдин табылышы боюнча аталган жарандарга карата кылмыш иши козголуп, буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат. 

78
Белгилер:
апийим, топ, баңгизат, Кыргызстан
Тема боюнча
Токтогулда ири көлөмдө нашаа саткан аял кармалды
Эркек адамдын колу. Архив

Ташкентте беш студент белгисиз затка ууланып каза болду

78
(жаңыланган 17:55 28.02.2021)
Көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.

"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.

Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.

78
Белгилер:
уулануу, өлүм, студент, Ташкент, Өзбекстан
Тема боюнча
Өрт чыккан үйдөн чиедей беш бир тууган көз жумду. Казакстандагы жүрөк тилген окуя

Сумкасын жула качкан ууруну кубалап жетип, күрөшүп, айласын кетирген аял. Видео

713
(жаңыланган 12:11 28.02.2021)
Австралияда улгайып калган аял колунан сумкасын жула качкан ууруну кубалап жетип, оокатын кайра тартып алган. Шектүү менен аялдын сумка талашкан жери видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.

ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.

Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.

Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.

"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.

Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.

713
Белгилер:
видео, сумка, тоноо, уурулук, аял, Австралия
Тема боюнча
UFC президенти ууру менен мушташа кеткен сатуучу аялга иш сунуштады. Видео
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

0
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

0
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт