Токмокто каналга милиция кызматкери менен кошо аккан кыздын өздүгү такталды

© flickr.com / Dan BradyКуткаруучу тегерек. Архив
Куткаруучу тегерек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Рахаттын туугандары сөөктү моргдон алып кетишти. Кыз Токмок шаарында убактылуу жашаган Ысык-Көлдүн тургуну экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Токмоктун каналына милиция кызматкери Тынчтык Абдрахманов менен кошо агып кеткен кыздын өздүгү такталганын Чүй облустук ШИИБ билдирди.

Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмокто канал суусуна аккан аялдын ким экени аныктала элек
Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында каналга агып бара жаткан кызды куткаруу үчүн кичи сержант Тынчтык Абдрахманов сууга секирип, катуу агымдан улам экөө тең суудан чыга албай калышкан. 26 жаштагы милиционер менен болжол менен ошол эле курактагы аялдын сөөгү Бишкек — Кемин унаа жолунун 59-чакырымында каналдын бүткөн жеринен табылган. 

Ушу күнгө чейин аялдын ким экени тактала элек болчу. Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү Токмок ШИИБне 35 жаштагы жаран кайрылып, маалымат каражаттарынын бетиндеги сүрөттө 26 жаштагы Рахат аттуу карындашы жайгаштырылганын билдирген. Анын айтымында, Рахат 8-ноябрь күнү үйдөн чыгып кетип, ошол боюнча дайынсыз болуп кеткен. 

Аталган жаран карындашын моргдон таанып, сөөктү жерге берүү үчүн алып кетти. Рахат Токмок шаарында убактылуу жашаган Ысык-Көлдүн тургуну экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0