Бишкекте аймактык милицияны атып кетишти

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТапанча кармаган адам. Архив
Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча милиция кылмышкерлерди кармоого аракет кылган учурда ага карата ок чыгарышкан. Кылмышкерлер изин суутуп кетишкен.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин кызматкерлери милицияга кол салды деген эки кылмышкерди издеп жатканын окуя болгон жерден Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча милиция кызматкерине кол салды деген шек менен чымыр денелүү эки кылмышкер изделүүдө.

"Атып өлтүрүлгөн аймактык милициянын сөөгү 8-кичи райондогу №38 үйдүн короосунда жатат. Короо курчоого алынып, эч кимди киргизбей жатышат", — деп окуя болгон жерден Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

© Sputnik / Эркин АлымбековФото с места происшествия
Фото с места происшествия - Sputnik Кыргызстан
Фото с места происшествия

Тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондо жетекчи кол алдындагы кызматкерди үч жолу башка аткан
Милиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармоо үчүн окуя болгон аймакты тинтип жатат.

ШИИБден билдиришкендей, милицияга ок чыгарылганы боюнча маалымат кечки саат 7.55тер чамасында келип түшкөн. Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБдин кызматкери кенже лейтенат Актилек Абдувалиев каза болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча милиция кылмышкерлерди кармоого аракет кылган учурда ага карата ок чыгарышкан. Кылмышкерлер изин суутуп кетишкен.

Күч түзүмдөрүндөгү булак билдиргендей, Абдувалиевге үч ок тийген.

Жаңылыктар түрмөгү
0