Жалал-Абад: динге жамынып, от чыгаргысы келген 45 факты катталган

© Sputnik / Таалай ОроскуловЖалал-Абад облусундагы арка. Архив
Жалал-Абад облусундагы арка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус аймагында бардыгы болуп диний-экстремисттик көз карашты колдогон 520 адам каттоодо турат.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда он ай ичинде диний кастыкты козутуу багытындагы аракеттерге байланыштуу 45 факты боюнча кылмыш иштери козголгон. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ал эми облус боюнча жарым миңден ашуун жаран каттоого алынып, учурда алардын баскан-турганы көзөмөлдө.

"Жалал-Абад аймагында бардыгы болуп диний-экстремисттик көз карашты колдогон 520 адам каттоодо турат", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Тамга жөлөнгөн автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияга жихад жарыялаган Аскарбек — эненин акталбай калган үмүтү
Учурда өлкөнүн башка аймактары сыяктуу эле Жалал-Абадда диний экстремизмге, улуттар аралык араздашууга каршы күрөшүү, чек ара келишпестиктерин болтурбоо максатында жер жерлерде иш-чаралар өтүүдө. Облустук казыят менен бул багытта иш алып барган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кооптуу делген радикалдашкан уюмдардын зыяны менен коркунучу туурасында буга чейин 14 ирет кеңешме өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0