Чуулгандуу №50 абагынын мурунку жетекчиси муунуп өлдү

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКармалган киши. Архив
Кармалган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камакка алынгандан кийин Телтаев ден соолугу начарлап жатканын билдирген, дейт ЖАМК.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен тергөө абагынын медициналык бөлүгүнүн палатасында №50 түрмөсүнүн мурунку жетекчиси Иманкул Телтаев асынып калганын ЖАМК билдирди.

Ал 11-ноябрь күнү аталган түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин иши боюнча кармалып, камакка алынган

© пресс-служба ГСИН при Правительстве КРБывший начальник СИЗО-50 Иманкул Тельтаев
Бывший начальник СИЗО-50 Иманкул Тельтаев - Sputnik Кыргызстан
Бывший начальник СИЗО-50 Иманкул Тельтаев

Маалыматка ылайык, Телтаевдин жансыз денесин нөөмөтчү биринчи болуп аныктаган. Камакка алынгандан кийин Телтаев ден соолугу начарлап жатканын билдирип, ооруканага жаткырылган. Ал палатада жалгыз дарыланып жатканы айтылууда. 

Түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чуулгандуу №50 түрмөнүн мурдагы начальниги камакка алынды
Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрынан 12сине караган түнү 50-тергөө абагынан ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, тогуз кылмышкер качып чыгышкан. Дагы бир жарадар болгон офицер ооруканада беш күндөн кийин каза болгон. Качкындардын бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн.

Кийин үчөө кармоо учурунда каршылык көрсөткөнү үчүн өлтүрүлгөн. Дагы бири кармалып, түрмөгө кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0