Транспорт министрлиги айлык акыга мыйзамсыз 2 млн. сом сарптаган

Жазылуу
Аныкталган факт боюнча Башкы прокуратура "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы Авто жана суу унаа агенттигинин кызматкерлери мыйзамсыз айлык акы төлөө менен мамлекетке 2 миллион сомго чукул материалдык зыян келтиргенин УКМК аныктаган. 

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызалтын" компаниясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, мекеме аудитордук текшерүүгө алынып, натыйжада 2013-2014-жылдардын аралыгында агенттиктин жетекчилиги бир адиске түрүндө 334,6 миң сомдун ордуна мыйзамсыз түрдө 1 миллион 792 миң сом которсо, мурдагы бөлүм башчысына негизсиз түрдө 64,4 миң сом төлөп берген.

Мындан улам мамлекеттик казынага 1 миллион 856,5 миң сом зыян келтирилип, факт боюнча Башкы прокуратура "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0