Сариев милиционер менен камактагы түрмө жетекчисинин өлүмүн тыкыр иликтөөнү тапшырды

Жазылуу
Иликтөө иштерин жүзөгө ашырууну өкмөт башчы ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев менен ЖАМК башчысы Алик Мамыркуловго жүктөдү.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев милициянын аймактык тескөөчүсүн аткандарды тез арада кармоону жана №1 тергөө абагында өз жанын кыйган Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Бул иштерди аткарууну өкмөт башчы ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев менен ЖАМК башчысы Алик Мамыркуловду милдеттендирди.

Кармалган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чуулгандуу №50 абагынын мурунку жетекчиси муунуп өлдү
Кечээ, 19-ноябрь күнү кечинде маңдайынан үч ирет атылган октон 26 жаштагы Актилек Абдувалиев каза болду. Аткан кылмышкерлер үй уурулары экени аныкталган. Учурда аларды издөө боюнча аракеттер көрүлүп, окуя тууралуу маалымат бергендерге ИИМ бир миллион сом өлчөмүндө сый акы жарыяланды. 

Ал эми абакта кармалган №50 түрмөнүн мурунку жетекчиси Иманкул Телтаев бүгүн түнү дарыланып жаткан оорукананын палатасынан муунуп өлгөнү белгилүү болгон. Анын асылып турган жансыз денесин нөөмөтчү биринчи болуп көргөн. Ал камакка түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин ишинин негизинде алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0