Жалал-Абадда бүгүн күчү 5 баллга жеткен жер титиреди

© flickr.com / Nick KinkaidСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чаткал районунун Терек-Сай айылында 4 балл, Кербен шаарында 4 балл, Жерге-Тал, Авлетим айылдарында 3,5 балл сезилди.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең мененки саат 06:15те Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эпицентрде 5 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Талкаланган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыркы он жылда Кыргызстанда болгон эң катуу жер титирөөлөр
Жер титирөөнүн очогу Чаткал тоолорунда катталып, Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышты карай, Кербен шаарынан 30 чакырым түндүк-батышты карай, Терек-Сай айылынан 40 чакырым түндүк-батышты карай, Таш-Көмүр шаарынан 68 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Аксы районундагы Кашка-Суу айылында 5 балл, Чаткал районунун Терек-Сай айылында 4 балл, Кербен шаарында 4 балл, Жерге-Тал, Авлетим айылдарында 3,5 балл сезилди. Алдына ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок. Тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда 4 баллдан 7 баллга жеткен бир нече жолу жер титиреген. Анын кесепетинен Алай жана Кара-Суу райондорундагы айылдар жабыр тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0