Шаардык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Жазылуу
Күчөтүлгөн аскердик тартипте иштөө жума күнү эртең менен жарыяланган жана ал атайын буйрук чыкканга чейин улантылат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү Бишкек шаарындагы 8-кичи райондон милиция кызматкери өлтүрүлгөндөн кийин КР Ички иштер органынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бейшемби күнү кечки саат 7.55те Бишкек ШИИБине 8-кичи райондогу №38 үйдүн жанынан милиция кызматкерин атып кеткени боюнча билдирүү түшкөн. Каза болгон милиция кызматкери аталган райондун аймактык инспектору 1989-жылы туулган Актилек Абдувалиев экени аныкталган.

"Күчөтүлгөн тартипте иштөө эртең мененки саат 8.00дөн кечки саат 8.00гө чейин жарыяланган. Ал атайын буйрук чыкканга чейин улантылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кызматкерин өлтүрдү деп шектелгендерди издөө шаарда, жаңы конуштарда, аэропортто, автовокзалда, темир жол станциясында, ири соода комплекстери турган аймактарда жүргүзүлүүдө.

Кылмышкерлердин жашынган жерин же алар турган жерди айтып бергендерге ИИМ бир миллион сом өлчөмүндө сыйлык бере турганын жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0