Атамбаев Ош облусундагы жер титирөө боюнча: бирөө да көңүл сыртында калбаш керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алуу учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, жергиликтүү калкка берилип жаткан жардам боюнча кабар алды.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча ӨКМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алып, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Атамбаев бирөө да көңүл сыртында калбаш керектигин баса белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Түштүктөгү жер титирөөдөн кыйраган үй. - Sputnik Кыргызстан
Президент аппараты жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маянасын бөлөт
Белгилей кетсек, 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда 4 баллдан 7 баллга жеткен бир нече жолу жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча анын кесепетинен 452 үй жана 18 социалдык курулуштар катуу жабыркаган. Анын ичинен 10 үй толук кыйрап калган. 37 социалдык объект менен 590 үйгө капиталдык оңдоо иштери талап кылынат.

Министр Кубатбек Бороновдун айтымында, жабыр тарткан аймактарга керектүү жардамдар жеткирилүүдө.

Атамбаев кыш келгенге чейин үй-жайынан ажырагандарга башпаанек үчүн убактылуу турак-жай менен камсыз кылуусу керектигин белгилеп, "бир да жаран көңүл сыртында калбасын" деген оюн айтты. 

Өлкө башчы ошондой эле, социалдык объектер менен үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин ыкчамдатылып, гуманитардык жүктөрдү жеткирүү көзөмөлгө алынуусу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0