Мас абалында машина айдап кармалган тергөөчүгө кылмыш иши козголду

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте жол инспекторлорун тоотпой койгон айдоочу Октябрь РИИБ тергөөчүсү экени териштирүү маалында аныкталган.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Мас абалында машина айдап кармалган тергөөчүнүн иши боюнча кызматтык териштирүү дайындалып, материалдар прокуратурага жөнөтүлгөнүн Бишкек ШИИБ билдирди.

Үч өспүрүмдү коюп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, кечээ түнү саат 23.00дө Түштүк магистралы менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде "Мерседес Бенц" унаасынын айдоочусу жол инспекторлорунун тосконун тоотпой кетип калган. Артынан кууп барган кызматкерлер машинаны "Жал" кичи районунан токтотушкан. 

Териштирүү маалында айдоочунун Октябрь РИИБ тергөөчүсү экени анык болгон. Наркологиялык борбордон жасалган экспертизанын жыйынтыгы менен анын мас экени тастыкталды. 

Учурда аталган факт боюнча чогултулган материалдар кийинки иликтөө иштери үчүн Ленин районунун прокуратурасына берилди. Мындан тышкары, тергөөчүгө карата кызматтык териштирүү дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0