Башкы прокуратура: "Боинг 737" учагынын бир кыймылдаткычы абадан эле бузулган

© пресс-служба МЧС КРОш шаарындагы аэропортко авариялык абалда конгон Боинг-737 учагы. Архив
Ош шаарындагы аэропортко авариялык абалда конгон Боинг-737 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү, 22-ноябрда саат 7.43тө Avia Traffic Company ишканасынын "Боинг-737" учагы Ош шаарындагы аэропортко авариялык абалда конгон.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ош аэропортуна авариялык абалда конгон учактын бир кыймылдаткычы үч миң метр бийикте эле белгисиз себептерден улам бузулганын КР Башкы прокуратурасы билдирди.

Ошто авариялык абалда конгон Авиатраффик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Малабаев: Оштогу кырсыкка учураган учактын жүргүнчүлөрүнө компенсация төлөнөт
Красноярск – Ош каттамы боюнча учкан Avia Traffic Company ишканасына таандык "Боинг-737" учагы Ош аэропортуна авариялык абалда конгон. Анын ичинде 153 жүргүнчү жана алты экипаж болгон. Бирок аба ырайынын катаалдыгынан улам Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортуна конгон. Ал жактан майды толуктап куюп, аба ырайы бир аз жакшырганда Ошко учкан.

Түштүк борборго аба ырайынын катаалдыгынан биринчи жолу коно албай калып, экинчи жолу конууга аракет көргөн. Ошол убакта болжол менен үч миң метр бийиктиктен анын бир кыймылдаткычы белгисиз себептерден улам иштебей калган.

Андыктан аба кемесинин командири эртең мененки саат 7.50дө авариялык абалда конуу чечимин кабыл алган. Жерге тийгенден кийин учуп-конуу тилкесинен 1500 метрдей аралыкка сүрүлүп барган. Анын кесепетинен дөңгөлөктөрү жана канаты сынып, бир кыймылдаткычы үзүлүп кеткен. Учакты калыбына келтирүүгө болбойт. Анын кара кутусу чечмелөөгө жөнөтүлдү. 

Ош аэропортунда болгон кырсыктан улам, ошол эле күнү Темир Сариев чукул жыйын өткөрүп,өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Аны транспорт министри Аргынбек Малабаев жетектейт. Премьер-министр комиссияга 10 күндүн ичинде окуянын чоо-жайын дыкат иликтеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0