Жумгалда мергенчиликке чыгып дайынсыз кеткен тургунду издөө улантылууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аң уулоого чыккан алты кишинин экөөсү үйгө башка жол менен кайтмакчы болуп, ошол боюнча дайын-дарексиз кеткен. Бирөөсүнүн тоңгон денесин жергиликтүү тургундар кар көчкүнүн алдынан табышкан.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жумгалда аң уулоого чыгып дайынсыз кеткен жергиликтүү тургунду издөө иштери улантылып жатканын ӨКМ билдирди.

Тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда аң уулоого чыккан беш адамдын бири тоңуп өлүп, экинчиси изделүүдө
Маалыматка ылайык, Миң-Куш айылынын алты тургуну үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында "Миң-Бугу" тилкесине мергенчиликке чыгып, кайтып келе жатканда өзүнчө кетебиз деп бөлүнүп кеткен эки жаран дайынсыз жоголуп кеткен. 

Төрт күндөн кийин күндүзгү саат 15.00дө жоголуп кеткен эки кишинин бирөөсүнүн жансыз денеси жергиликтүү 16 жашоочунун жардамы менен кар көчкүнүн этегинен өйдө карай 20 метр аралыктан табылган. Анын сөөгүн бир тууган агасына өткөрүп беришкен.

Экинчи жаран ушу күнгө чейин изделүүдө. Аны учурда Жумгал райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн 11 жана ӨКМнин райондук бөлүмүнүн эки кызматкерлери жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0