БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Мас абалында машина айдап жол инспекторлорунун кылтагына илинген Октябрь РИИБ тергөөчүсү кызматтык териштирүүнүн натыйжасы менен кызматынан бошотулганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү саат 23.00дө Түштүк магистралы менен Тынчтык проспектинин кесилишинде "Мерседес-Бенц" унаасынын айдоочусу жол инспекторлорунун тосконун тоотпой кетип калган. Артынан кууп барган кызматкерлер машинаны "Жал" кичи районунан араң кармашкан.
Териштирүү маалында айдоочу Октябрь РИИБ тергөөчүсү экени анык болгон. Наркологиялык борбордон жасалган экспертиза анын мас экени тастыкталган.
Бул боюнча козголгон кылмыш ишинен тышкары, кызматтык териштирүү дайындалган. Тартип бузуп, наамга шек келтиргени үчүн аталган тергөөчү жумушунан бошотулган. Андан сырткары, аймактык башкармалыктын жетекчилиги начар көзөмөл үчүн айыпка тартылды.