Данияр Нарымбаев жана Хаджимурат Коркмазов сотто. Архив

Нарымбаев менен Коркмазов эркинен ажыратылды

245
(жаңыланган 16:03 27.11.2015)
Президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаев 3 жылга эркинен ажыратылды. Эми ал күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөйт. Ал эми экс-депутат Хаджимурат Коркмазов 1 жыл 6 айга кесилди.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Сот президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаевди 3 жылга, ал эми Хаджимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Sputnik кабарчысы сот залынан билдирди.

Кылмыш ишин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев караган.

Жума күнү Биринчи Май райондук сотунда пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу иши боюнча Нарымбаев менен Коркмазовго карата өкүм чыгарды. Айыпталып жаткандардын аракетинен сот пара талап кылуучулукту байкабагандыктан, "талап кылуу" беренесин "алдамчылыкка" оторуп койгон.

Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан анын Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алган. БАшкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талдап кылганын маалымдаган. 

Экс-депутат акчаны президент аппаратынын жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКНын тергөө абагында болуп келишкен.

245
Белгилер:
Кыргызстан, Данияр Нарымбаев, Хажимурат Коркмазов, судья
Тема:
Депутат Хаджимурат Коркмазовдун кармалышы (23)
Тема боюнча
Депутат Коркмазов Нарымбаев ага кысым жасап жатканын билдирди
Адвокат: Коркмазовдун өнөкөт оорусу коркунучтуу
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды

ЖАМК башчысынын биринчи орун басары кармалды. Кабинетин, үйүн тинткен видео

381
(жаңыланган 12:12 03.08.2021)
Жетекчинин иш бөлмөсүнөн 3500 доллар, 59 000 сом табылган. Ал эми үйүнөн абакта отургандар тарабынан жасалган кылыч, бычактар чыккан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, ал соттолгон жарандарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле орто звенодогу жетекчилердин мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырып жүргөнү үчүн системалык түрдө акча алып келгени айтылды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-август күнү Нуралиевдин иш бөлмөсүн тинткенде 3500 доллар, 59 000 сом, уюлдук телефон жана майда калибрдеги курал чыккан.

Ал эми жашаган үйүн текшергенде ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай курал табылган. Аны менен катар абакта отурган соттолуучулар тарабынан жасалган стол, отургуч, кылыч, бычак, сандык, нарда сыяктуу буюмдар болгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Таалайбек Нуралиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

381
Белгилер:
ЖАМК, коррупция, кармоо, тинтүү, Таалайбек Нуралиев
Тема боюнча
УКМК мурдагы биринчи вице-премьер Тайыр Сарпашевди кармады
Жолдогу автоунаа. Архив

Көп катталып жаткан жол кырсыктардын себебин милиция санап берди

67
(жаңыланган 11:50 03.08.2021)
Жол милициясы кырсыктын көпчүлүк учуру адамдык фактордон, башкача айтканда, айдоочунун катасынан улам болорун белгиледи.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Кыргызстандын жолдорунда тынбай катталып жаткан автокырсыктардын себебин атады.

Жол милициясы көпчүлүк учурда кырсык адамдык фактордон, башкача айтканда, айдоочунун катасынан улам болорун белгиледи.

"Жыл сайын өлкөдө жол кырсыктарынан жүздөгөн адам каза табат. Статистикага ылайык, кырсыктардын 80 пайызы айдоочунун күнөөсүнөн улам болот", — деп жазылат маалыматта.

ЖКККББнын версиясы боюнча, көбүнчө төмөнкүдөй себептерден улам жол кырсыгына кириптер болушат:

  • Мас абалында же баңгизат чегип алып рулга отуруу;
  • Катуу ылдамдык менен жүрүү;
  • Окубаган айдоочулар — автомектепте окубай эле ар кандай жол менен айдоочулук күбөлүк алган жарандар;
  • Айдоочунун чарчап рулга отурушу;
  • Аралыктын сакталбашы;
  • Алдындагы автоунаадан ашып өтүү эрежесин бузуу;
  • Каршы тилкеге чыгып кетүү;
  • Айдоочунун шалаакылыгы.

Соңку убакта Кыргызстанда бир нече адамдын өмүрү бир учурда кыйылган жол кырсыктары көп катталууда. Президент Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берген.

67
Белгилер:
жол кырсык, себеп, аныктоо, айдоочу, Кыргызстан
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Боомдогу үрөй учурган жол кырсык. Милиция канча киши жабыркаганын айтты
Бишкекте Кайгуул милициясына тутулган айдоочулар 1,5 млн. сомдук айыпка жыгылды
Сотрудники полиции на улице Москвы.

Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп

0
(жаңыланган 13:48 03.08.2021)
Буга чейин Россиянын Москва шаарында 180дей мигрант мушташкан. Бул боюнча жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандыктар болгон.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактардагы "кыргызстандыктарды РФте массалык түрдө текшерип жатышат" деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

"Учурда Россиянын компетенттүү органдары "Кузьминки" метросунда болгон окуяга катыштыгы болушу мүмкүн делген чет элдиктерди издөөсүн улантууда. Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган", — дешти элчиликтен.

Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүк 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды текшерүү иштери дагы болуп жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаранды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, жаран, текшерүү, элчилик