Таштанды чыгарууга акча төлөбөгөн ишканаларга айып пул салынды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүТаштанды төгүүчү жай. Архив
Таштанды төгүүчү жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эреже бузгандарга "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен келишим түзүү сунушталды.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы чарбалык субъект ээлерине таштанды чыгаруу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынганын мэрия билдирди.

Октябрь райондук администрация имаратында апта сайын өтүүчү комиссиянын жыйыны болуп, ага "Тазалык" ишканасы менен келишим түзбөгөн чарба өкүлдөрү чакырылган. 

Бардыгы болуп 8 протокол каралды. Эреже бузгандарга "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен келишим түзүү сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0