Кара-Балтада жер алдына көмүлгөн челектерден дизель майын саткан жаран колго түштү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПистолет. Архив
Пистолет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган аял күйүүчү майды Казакстанга багыт алган унаалардан сатып алып, үстүнө 2 сом кошуп сатып келген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жайыл районунда жети тоннадан ашуун күйүүчү майды жер алдына катылган челектерден сатып жаткан 22 жаштагы келин кармалганын ИИМ билдирди.

Бензин куюлган канистралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан мыйзамсыз май ташыгандардын жолу буулду
Маалыматка ылайык, майды тымызын сатуу максатында ири көлөмдөгү челектер үчүн жер казылып, атайы орун даярдалган. Текшерүү учурунда жер алдынан 200 литрлик жети челек, бир тонналык эки цистерна жана 4 тонна 700 литрлик бир цистерна аныкталган.

Кармалган жаран майды Казакстанга кетип бара жаткан унаалардан 28 сомдон сатып аларын, кайра бир литрин 30 сомдон сатып жатканын айткан. Мында ал мамлекетке бир да сом салык төлөгөн эмес. Дизель майы эч документсиз бардык шарт-талаптарга каршы сатылып келген. 

Учурда бардык жыйналган материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарга берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0