Кулпу. Архив

Казакстанда 5 ай бою мал багып кулчулукта жүргөн үй-бүлө куткарылды

270
(жаңыланган 17:11 07.12.2015)
Казакстанга баргандан кийин Кыргызстандын жараны мал кайтарып кеткенде кош бойлуу аялын уй саадыртып коюшкан. Ал эми кичинекей балдары керелден кечке үйдө камалып калган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бир үй-бүлө Казакстандагы кулчулуктан бошотулуп чыкканын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, үч балалуу үй-бүлө үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда Алматы облусуна мал кайтарып иштөө үчүн чыгып кеткен. Ага айына 100 миң теңге төлөп берүү убадаланган. 

Аталган аймакка келгенден кийин аталган жаран Ибрагим аттуу адамдын малын бакмак болот. Бирок сүйлөшүлгөн боюнча ага 60 миң теңге гана маяна төлөнөрү ачыкталат. Кыргызстандыктардын айтымында, ал беш ай бою мал кайтарат, ал эми кош бойлуу келинчегин уй саадыртып, кичинекей балдарын үйгө камап коюшат.

Бул "эмгегине" жалданып барган үй-бүлө бөлүп-бөлүп болгону 30 миң теңге алат. Эжесинин өлгөнүн шылтоо кылып, кыргызстандык үй-бүлө араңдан зорго Алматы шаарына келип, "Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Алтынбек Сыдыков менен жолугуп калат. Кыргызстандык үй-бүлөнүн башынан өткөн окуясын угуп, Алматыдагы кыргыз диаспорасы акча чогултуп, Кыргызстанга жеткирип коюшат.

Үй-бүлө учурда бардык кыйынчылыктардан кийин Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу "таман акы, маңдай тери менен тапкан акчасын алып берүүгө жардам берерине үмүт артып турган чагы.

270
Белгилер:
Казакстан, Кыргызстан, үй-бүлө кодекси, мал, кулчулук
Тема боюнча
Бир бөлмөдөгү алты кишилик керебет. Кулчулукта жүргөн КР жарандарын бошотуу учуру
Жалал-Абадда 37 килограмм алынган баңгизат

Жалал-Абадда 37 килограмм баңгизат менен үч киши колго түштү. Сүрөт

136
(жаңыланган 21:42 15.10.2021)
Кылмыш болгон жерди кароо учурунда жапайы кара куурайдай өзгөчө жыты бар заттар менен суюктук, төрт кап марихуана, төрт таңгак гашиш табылган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жалал-Абадда үйдө баңгизатты өстүрүп жүргөн үч киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын адистери Кызыл-Туу айылынын аймагындагы үйдө ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзгөн.

  • Задержанные М. Ж., Н. К. и М. М, подозреваемые в подпольном производстве крупных партий наркотических средств на дому, в селе Кызыл-Туу в Джалал-Абадской области. 15 октября 2021 года
    Жалал-Абадда үйдө баңгизатты өстүрүп жүргөн үч киши кармалды
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Крупная партия наркотических средств, изъятая у задержанных подозреваемых, в селе Кызыл-Туу в Джалал-Абадской области. 15 октября 2021 года
    Министрликтин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын адистери Кызыл-Туу айылынын аймагындагы үйдө ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзгөн
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МВД КР
Жалал-Абадда үйдө баңгизатты өстүрүп жүргөн үч киши кармалды
"Анын натыйжасында баңгизаттарды мыйзамсыз даярдап жаткан М.Ж., Н.К. жана М.М. аттуу жарандар кармалды. Кылмыш болгон жерди кароо учурунда жапайы кара куурайдай өзгөчө жыты бар заттар менен суюктугу бар фляга, төрт кап марихуана, төрт таңгак гашиш табылды", — деп айтылат маалыматта.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 37 килограммды түзгөн. Анын ичинен 12 килограммы марихуана, 25 килограммы каннабистин экстракты жана 429 граммы гашиш болгон.

Кармалгандар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

136
Белгилер:
ИИМ, Жалал-Абад облусу, баңгизат, кармоо
Тема боюнча
Баңгизатты Бишкектин ар кайсы жерине таштап, сатып жүргөндөр кармалды. Видео
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн кармады
Милиция Жалал-Абаддан 7 килограммдан ашык гашиш саткан адамды кармады
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон жол кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы баланын өмүрү кыйылды

Жеңил авто талкаланып кеткен. Кара-Сууда 23 жаштагы айдоочу каза болду

126
26 жаштагы Т.Х. оор жүк ташуучу Volvo үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатканда жеңил автоунаа менен кагышкан.

БИШКЕК, 15-окт. – Sputnik. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон жол кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

  • Последствия ДТП в селе Кызыл-Кыштак Кара-Сууйскоо района Ошской области
    Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон жол кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы баланын өмүрү кыйылды
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Последствия ДТП в селе Кызыл-Кыштак Кара-Сууйскоо района Ошской области
    Маалыматка ылайык, 15-октябрга караган түнү саат 00:15тер чамасында Volkswagen Golf үлгүсүндөгү автоунаанын 23 жаштагы айдоочусу оор жүк ташуучу Volvo менен кагышкан.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон жол кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы баланын өмүрү кыйылды

Маалыматка ылайык, 15-октябрга караган түнү саат 00:15тер чамасында Volkswagen Golf үлгүсүндөгү автоунаанын 23 жаштагы айдоочусу оор жүк ташуучу Volvo менен кагышкан. Анын кесепетинен окуя болгон жерде набыт болгон.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

126
Белгилер:
Кара-Суу району, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Россиялык Су-25

Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык

0
Афганистанга Ирак жана Сириядан келген террорчулардын топтолушу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурат.

Мындай кырдаал афган чек араларынын түндүк жактагы аймактардын баарында атайын кызматтардын активдешүүсүн жана аскердик күчтөрдүн даярдыгын күчөтүүнү талап кылууда.

13-октябрда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушууда РФ президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнө Афганистандан ирактык жана сириялык тажрыйбасы бар террорчулардын келиши, "түз экспансиянын башталышы" толук ыктымал экенин билдирди. Ошону менен катар биргелешкен атайын операцияларга күч түзүмдөрүнүн алдын ала камылгасынын маанисин баса белгиледи. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко алдыдагы атайын операциялардын даярдыгына токтолду.

Жолугушуу өткөн күнү эле россиялык чалгындоо кызматы Афганистандагы азыркы кырдаалды мурдатан болжогону да белгилүү болду. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети афган территориясынан баңгизат, курал, ок-дарынын агымы күч алганын маалымдады. Бул жакшы жышаан эмес.

Андан мурун РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талибдер Афганистан провинциясын көзөмөлдөөгө чамасы келбей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын айткан эле. "Талибан"* кыймылынын айрым куралдуу топтору Тажикстанга басып кирүүгө да даяр. Ушундай кооптуулуктардан улам ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун) күчтөрүнүн афган чек арасына жакын жерге белгиленген "Аскердик боордоштук – 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык окуулары зарыл жана жетиштүүдөй көрүнөт.

Тажикстандагы Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда 18–23-октябрь аралыгына белгиленген машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан 5 000дин тегерегинде аскер кызматкери катышмакчы.

Окуунун алкагындагы операцияларга курал жана аскердик техниканын 700 бирдиги, анын ичинде 40тан ашуун учак жана тик учак (Су-24МР, Су-25, Ми-8МТВ, Ми-24), ошондой эле ар кыл багыттагы 15 учкучсуз аппарат да бар. Эске салсак, "Аскердик боордоштук – 2021" машыгууларынын жүрүшүндө "Өз ара аракеттешүү", "Издөө", "Эшелон" атайын операциялары өткөрүлөт, бул тууралуу биз да кабарлаган элек.

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров кечээ аскердик күчтөрдүн биргелешкен тобунун күч жана каражаттары көбөйтүлгөнүн кабарлап, окууларда тажик-афган чек арасындагы окуялардын ар кыл нугун, абдан курчуп кеткен вариантына дейре эске аларын белгиледи.

Чабуулчулардын кезеги

ЖККУ боюнча союздаштар Афганистан менен чектешкен аймактарда атайын окууларга даярдыгын аяктап калды. Тажикстанга РФтин Борбордук аскердик округунун фронттук Су-24МР бомбалоочулары, Кыргызстанда жайгашкан "Кант" россиялык авиабазасынын Су-25 чабуулчулары да жеткирилген. Биргелешкен окуулар эң кызып калган убакта учкучтар шарттуу душманды издөө, анын объектилерин жок кылуу, мотоаткычтар бөлүгү жана танкисттердин чабуулуна көктөн ок атуу менен көмөк көрсөтүүгө машыгышат.

Чабуулчу Су-25 жердеги чакан көлөмдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз объектилерин жок кылууга багытталган. Бул – буталар так көрүнгөн шарттарда же 30 метрден 5 чакырымга чейинки бийиктикте Кургактагы күчтөрдү күнү-түнү түздөн-түз колдоодо алмашкыс аскердик бирдик. Су-25тин бурулушунун чакан радиусу (500 метр) чабуул коюучу учкучтарына чабуулду майнаптуу уюштурууга, аскердик запасты (30 миллиметрлик замбирек снаряддары, тескелүүчү жана башкарылбаган ракеталар, түзөтүлчү жана кассеталык аба бомбалары, күчтүү көлөмдүү-жардыруучу аба бомбалары жана күйүүчү май аралашмасы толтурулган челектер) сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Су-25 чабуул коюучу учагынын максималдык аскердик жүгү – 4 тоннадан ашуун. Күчтүү жана универсалдык бул аба бирдиги Афганистанда 1980-жылдардын башында эле өзүн көрсөтө алган. Андан бери бир нече ирет заманга ылайыкташтырылганы да маалым.

Алдыдагы машыгууларга даярдык абдан кызуу жана олуттуу жүрүүдө. Россиялык Борбордук аскердик округунун командачысынын орун басары Алексей Лемякин сириялык тажрыйбаны эске алуу менен Тажикстанда ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо милдеттеринин кеңири түрлөрү аткарыларын айткан.

Айтмакчы, "Аскердик боордоштук – 2021" ыкчам-стратегиялык окууларында ЖККУга мүчө болбогон Өзбекстандын күчтөрү келбегени менен буга чейинки биргелешкен контртеррордук машыгууларга катышканын да белгилей кетели.

Ыкчам жагдай

Талибдердин бул айдагы тышкы саясий активдешүү аракеттери, Дохадагы бир катар маанилүү жолугушуулары, чет элдик гуманитардык жана каржылык жардам алууга, кыймылды эл аралык деңгээлде мыйзамдуу саясий күч катары таанытууга кадамдары деле өлкөнүн мындан аркы экономикалык жана ички саясий бүлгүнүн токтото албачудай. Коңшу мамлекеттер жана Бириккен Улуттар Уюму талибдер инклюзивдик өкмөт куруу жана аялдардын укугун коргоо боюнча убадаларын аткарбаганын белгилеп жатышат.

"Талибандын"* өз "атаандаштарына" каршы туруу далалаттарына карабастан Афганистандын ири шаарларында жана түндүк провинцияларындагы электр чубалгылар линияларын жардыруулар дале токтой элек.

Талибдер өлкө бийлигин кайрадан ээлегенден бери афган жалпыга маалымдоо каражаттарында 17 теракт тууралуу маалыматтар чыкты. Аларга таянсак, көпчүлүгүнүн артында "Ислам мамлекети"* уюму турат. Кабул, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы жардырууларда 600 киши жабыр тартты. Терактылардын баары эле коомго ачыктала калган жок.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги 8-октябрдагы теракт 120 кишинин өмүрүн алып, 160тан ашуун адамды жарадар кылды. 14-октябрда Кунар провинциясында талибдердин уезддик полициясынын начальниги олтурган автомобиль жардырылды. АКШ жана НАТОнун аскердик интервенциялары менен болгон күрөштө "Талибан"* жеңишке жетишкенден бери Афганистанга Ирак жана Сирияда согуштук аракеттерди жүргүзүүдө тажрыйба топтогон ИМ* террорчулары чогула баштады. Бул "баары баарына каршы" согушунун уланышынан коңгуроо кагат.

Калган көйгөйлөрү аз келгенсип, ушул тапта афган калкынын жүрөгүн өйүтүп турган нерсе – өлкөдө бийлик үчүн күрөшкө улам жаңы, мурдагылардан да радикалдуу топтордун жаралышы. Ошондой эле этникалык тажик – кенже Ахмат Масуддун жетекчилигиндеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронту да талибдер менен "эзелки" партизандык күрөшүн улантууда.

ЖККУ Афганистандагы абалды эске алып Тажикстандагы аскердик окууларын, ал эми Россия Душанбеге россиялык аскердик жана аскердик-техникалык жардамын, жакынкы айларда тажик-афган чек арасын материалдык-техникалык жактан бекемдөөгө көмөктөшүүнү уланта берери ажеп эмес.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

0
Белгилер:
Тажикстан, Россия, Афганистан, Сирия, согушкер, 'Талибан' кыймылы, чек ара, машыгуу, курал
Тема боюнча
Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?