Айыл башчы 7 жашар кызды өлтүрдү деген аял тууралуу: мүнөзү жумшак эле болчу

Жазылуу
Жети жашар жээнин сабап өлтүрдү деген аялдын сегиз баласы бар экенин, ал мындай кара өзгөйлүккө барбай турганын Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Адишов билдирди.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жети жашар жээнин сабап өлтүрдү деген аялдын мүнөзү жумшак эле болгонун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Адишов Sputnik агенттигине билдирди.

Ички иштер министрлиги Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын 46 жаштагы тургуну убактылуу багып жүргөн жети жашар кызды сабап, таяктын уусунан кыз эртеси каза болгонун билдирген эле.

Адишовдун айтымында, жээнин сабап өлтүрдү делген аялдын сегиз баласы бар. 

"Мүнөзү жумшак эле аял болчу. Балким какыс-кукус кылып коюшу мүмкүн. Бирок өлтүрө сабагандай деле аял эмес эле. Күйөөсү экөө сегиз баланы аман-эсен тарбиялап жаткан. Урду дегенге мен деле ишенбей атам, азыр тактап жатабыз", — дейт ал.

Айыл өкмөт башчысы каза болгон жети жашар кыздын жүрөк кемтиги бар экени, ал Россияда төрөлгөн деген маалыматтар айтылып жатканын кошумчалады.

"Мага жеткен маалымат боюнча кыз Россияда төрөлгөн экен. Жүрөгүнүн эки жеринен кемтиги бар дешүүдө. Эгер баланын чындап эле жүрөгү оорукчан болсо, дарыгерлердин тыянагын тапкыла деп тапшырма бердик", — дейт Адишов.

Каза болгон кыздын ата-энесинин турмушу оор деген маалыматтар айтылып жатканын айткан айыл өкмөт башчы алардын беш баласы бар экенин билдирди.

"Турмушу өтө начар деп уктук, эки баласын мектеп-интернатка берген экен. Бир кызын бул жактагы эжесине бериптир. Балдардын атасы Россияда иштейт деп айтышууда. Апасы Ноокен районунда жашайт экен", — дейт ал.

Капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондо жети жашар кыз таежесинин таягынан каза тапты
Адишов бүгүн ушул маселе боюнча айылда жыйын боло турганын айтып, толук маалымат ошондо аныкталарын кошумчалады.

Бул факты боюнча учурда КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен иши козголуп, сот-медициналык, сот-биологиялык экспертизалар дайындалган. 

Ал эми 46 жаштагы аял КРдин Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде кылмышка шектүү катары кармалды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0