УКМК: Бишкекте теракт кылууну мелжеген согушкерлер Чыгыш-5 кичи районунда жок кылынды

© пресс-служба ГКНБ КРСогушкерлер жок кылынган жерде табылган курал-жарак.
Согушкерлер жок кылынган жерде табылган курал-жарак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармоо учурунда террорчулар куралдуу каршылык көрсөткөн. Алар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда терактыларды уюштурууну пландап жүргөнү тергөө учурунда аныкталган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунун аймагынан түндө эл аралык террордук уюмдун эки мүчөсү жок кылынганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКнын маалыматы боюнча жок кылынган террордук топтун мүчөлөрү бир катар оор кылмыштарга тийиштиги бар. Анын ичинен 8-кичи райондо милиция кызматкерин өлтүрүүгө да тиешеси бар экени айтылууда.

© пресс-служба ГКНБ КРБишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунун аймагынан түндө эл аралык террордук уюмдун эки мүчөсү жок кылынды.
1/4
Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунун аймагынан түндө эл аралык террордук уюмдун эки мүчөсү жок кылынды.
© пресс-служба ГКНБ КРУКМКнын маалыматы боюнча жок кылынган террордук топтун мүчөлөрү бир катар оор кылмыштарга тийиштиги бар.
2/4
УКМКнын маалыматы боюнча жок кылынган террордук топтун мүчөлөрү бир катар оор кылмыштарга тийиштиги бар.
© пресс-служба ГКНБ КРЭки террористи кармоо учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн бир кызматкери жаракат алган.
3/4
Эки террористи кармоо учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн бир кызматкери жаракат алган.
© пресс-служба ГКНБ КРАлардын жанынан Макаров үлгүсүндөгү төрт тапанча, Ф-1 үлгүсүндөгү бир граната жана колго жасалган жарылуучу заттар алынган.
4/4
Алардын жанынан Макаров үлгүсүндөгү төрт тапанча, Ф-1 үлгүсүндөгү бир граната жана колго жасалган жарылуучу заттар алынган.
1/4
Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунун аймагынан түндө эл аралык террордук уюмдун эки мүчөсү жок кылынды.
2/4
УКМКнын маалыматы боюнча жок кылынган террордук топтун мүчөлөрү бир катар оор кылмыштарга тийиштиги бар.
3/4
Эки террористи кармоо учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн бир кызматкери жаракат алган.
4/4
Алардын жанынан Макаров үлгүсүндөгү төрт тапанча, Ф-1 үлгүсүндөгү бир граната жана колго жасалган жарылуучу заттар алынган.

Жок кылынган согушкерлердин "Тоха" каймана аты менен белгилүү Жумагуловдун террордук тобу менен тыгыз байланышта болгону аныкталган. Жумагулов ушул жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында атайын операцияда жок кылынган.

Калашников автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: интернетте экстремисттик кайрылуу жасаган жаран кыргызстандык болуп чыкты
Эки террористи кармоо учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн бир кызматкери жаракат алган. Учурда ал кызматкердин абалы канааттандырарлык жана атайын операция учурунда башка жарандар жабыркаган эмес.

Түндө жок кылынган террордук топтун мүчөлөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда терактыларды уюштурууну пландап жүргөнү тергөө учурунда аныкталган. Алардын жанынан Макаров үлгүсүндөгү төрт тапанча, Ф-1 үлгүсүндөгү бир граната жана колго жасалган жарылуучу заттар алынган. Андан сырткары бир нече уюлдук телефон менен бет каптар алынган.

УКМКнын ыкчам-иликтөө органдары тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында иш чаралар улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0