Бишкекте көптөн бери үй уурулугу менен жан баккан кылмыштуу топ кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКамактагы адамдар. Архив
Камактагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкерлер курмандыктарын коркутуп-үркүтүү менен акчасын алып, үйлөрдөн баалуу буюмдарын уурдоо менен күн көрүп келишкен.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте уурулук менен алектенген 17, 18 жана 19 жаштагы жарандардан турган кылмыштуу топ кармалганын шаардык ИИБ билдирди.

Велосипедчен бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте велосипед уурдоо менен алектенген эки өспүрүм кармалды
Маалыматка ылайык, кармалгандар Жалал-Абад облусунун тургундары экени аныкталган. Учурда алар төрт үй уурулугуна, беш каракчылыкка жана жаранга кол салуу боюнча шектелип жатат. 

Кылмыштуу топ "жортуулга" көбүнесе кечке маал чыгып, адамдарды коркутуп-үркүтүп акчасын тоноп, терезеден үйлөргө кирип, буюм-тайымдарды уурдап келишкен.

Учурда тонолгон буюмдар алынып, жарандар камакка алынды. Кылмыш иши козголуп, тергөө кармалгандардын башка кылмыштарга тиешелүүлүгүн аныктап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0