Ошто жүк ташуучу унаа Барсбек кагандын айкелин сүзүп жарактан чыкты

© Мирлан Матиев "Барсбек каган" монументалдык комплексти сүзүп алган жүк. Архив
Барсбек каган монументалдык комплексти сүзүп алган жүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция комплекске ири өлчөмдө зыян келтирилди деп эсептейт. Ал эми унааны калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой калган.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ош шаарында "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа "Барсбек каган" монументалдык комплексти сүзүп алганын Sputnik агенттигине ШИИБ билдирди.

Маалымат катчы Замир Сыдыковдун айтымында, окуя кечээ, 11-декабрь күнү саат 20.00дө болгон. 

© Мирлан Матиев Ош шаарында "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа "Барсбек каган" монументалдык комплексти сүзүп алган.
1/2
Ош шаарында "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа "Барсбек каган" монументалдык комплексти сүзүп алган.
© Мирлан Матиев Эстеликке келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Машина таптакыр жараксыз абалга келген.
2/2
Эстеликке келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Машина таптакыр жараксыз абалга келген.
1/2
Ош шаарында "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа "Барсбек каган" монументалдык комплексти сүзүп алган.
2/2
Эстеликке келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Машина таптакыр жараксыз абалга келген.

"Айдоочу Ахмедов көчөсү менен келе жатып айкелди сүзүп салган. Эстеликтин бетону талкаланган. Наркологиялык экспертиза айдоочунун мас абалда экенин аныктады, айдоочу келе жатып уктап кеткен болушу керек", — деди ал.

Эстеликке келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Машина таптакыр жараксыз абалга келген.

"Учурда унаанын техникалык абалы текшерилип жатат. Айдоочу Бишкектен келе жатканы белгилүү болду", — деп кошумчалады Сыдыков.

"Барсбек каган" монументалдык комплекси Ош шаарынын күнүнө карата 2011-жылдын 5-октябрында ачылган. Ал Кулатов кичи районунун айлампа жолунда жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0