Россиянын Воронежиндеги интернатта өрт чыгып, 22 киши каза болду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссиянын ӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүү учурунда. Архив
Россиянын ӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Воронеж облусундагы психоневрологиялык интернатта ишембинин түнүндө өрт чыкты.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Психоневрологиялык интернатта чыккан өрттөн каза болгондордун саны 22 кишиге жеткенин РИА Новости агенттигине Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык борборунун өкүлү билдирген.

"Дагы бир кишин издөө улантылууда", — деди ал.

Новохоперск районундагы Алферовка айылындагы психоневрологиялык интернатта өрт ишемби күнү кечинде башталган. Тилсиз жоо 700 чарчы метр аянтты жалмаган. 

Кырсык болгон жерде издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0