Колонияга баңгизат өткөрүүгө аракет кылган топ кармалды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАбактагы адамдар. Архив
Абактагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери түшкөн маалыматтын негизинде иликтөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада түзөтүү колониясын көздөй бараткан унаа токтотулуп, ичинен марихуана табылган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкекте Ново-Покровка айылында жайгашкан түзөтүү колониясына баңгизат өткөрүүгө аракет кылган топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Ош жана Ысык-Көлдө 3,5 кг баңгизат менен эки жаран кармалды
Түшкөн маалыматтын негизиндеги ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө ичинде алты жүргүнчүсү бар "Дайхатсу" унаасы токтотулуп, 500 грамм марихуана табылган. 

Учурда 21-23 жаштагы жарандар милиция бөлүмүнө алып келинди.

Ал эми баңгизаттын табылышы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0