Көп ирет соттолуп чыккан жаран баңгизат менен тутулду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер буга чейин бир нече ирет соттолуп, милиция кызматкерлеринен из жашыруу үчүн аты-жөнүн өзгөртүп алганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында көп убакыттан бери баңгизат сатып келген 53 жаштагы тургун кармалганын шаардык ИИБ билдирди.

Героинди изилдөө лабораториясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга 125 кг героин киргизген Түркиянын төрт жараны жазага тартылды
Алгач милицияга европа улутундагы жаран көптөн бери баңгизат сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Андан кийин анын өздүгү такталып, козголгон кылмыш иштин негизинде 11-кичи райондо жайгашкан үйү тинтүүгө алынып, ал жактан 1,5 килограмм нашаа жана 310 грамм героин табылган.

Милиция аталган жарандын буга чейин бир нече ирет сот жообуна тартылып, кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар экенин аныктап чыккан. Мындан тышкары, из жашыруу үчүн аты-жөнүн өзгөртүп алганы белгилүү болду.

Учурда тергөө иштери башталып, аны менен байланышта жүргөн жарандар такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0