УКМК: 300 миң сом пара алып жаткан салык башкармалыгынын жетекчиси кармалды

Жазылуу
Жетекчи жеке ишкерден уруксат берүүчү документтер үчүн ири өлчөмдө акча каражатын талап кылган.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Салык кызматынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын жетекчиси 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.

Паракор салыкчыны кармоо учуру. Атайын операция учурунда тартылган видео
Маалыматка ылайык, аталган жаран жеке ишкерден алкоголь ичимдиктерин өндүрүү үчүн этил спиртин алууга уруксат берүү максатында акча талап кылган. 

Аталган факт боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Пара талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, башкармалыктын жетекчиси УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. 

Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0