Шакек-сөйкөлөр менен акчаларды терезеден алып чыгып кеткен

© AFP / Sam PANTHAKYАлтын буюмдар. Архив
Алтын буюмдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурулукка шектелген кыздын жашы жыйырманын тегерегинде болуп чыкты.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектик 43 жаштагы аял терезесинен кирген уурулар акчасын жана алтын шайкек-сөйкөлөрүн көтөрүп кеткендигин айтып, милицияга кайрылган. 

Камактагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көптөн бери үй уурулугу менен жан баккан кылмыштуу топ кармалды
Ал тартип коргоо органдарында жазган арызында, келтирилген чыгымды 380 миң тенге, 700 доллар, 100 миң сом жана алтын буюмдар деп белгилеген. 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин негизинде шектүү делген адам кармалган. Ал жыйырма жаштагы Нуриза аттуу кыз болуп чыкты. 

Шаардык милициядан учурда аталган иш боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0