Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив

Таш-Көмүрдө милиция эшиктерди тээп ачып, уктап жаткан элди аман алып калды

81
(жаңыланган 11:47 21.12.2015)
Өрт жашоочулар уктап жатканда чыккандыктан, милиция алардын эшиктерин каккылап ойготуп сыртка чыгарган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында 21-декабрга караган түнү барак тибиндеги үйдө өрт чыгып, онго жакын үй-бүлө талаада калды.

Таш-Көмүр шаарынын мэриясынан билдиришкендей, учурда өрт өчүрүлүп, келтирилген чыгымдар такталууда.

Таш-Көмүр ШИИБдин маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери жашоочулардын эшиктерин тээп ачып ойготуп, аларды сыртка алып чыгып куткарышкан. 

"Учурда күйүп кеткен үйдө жашоого мүмкүн эмес. Үйдүн дубалдары гана калды. Көпчүлүгүнүн эмерек-кечеси күйүп кеткен", — деп милициядан билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын маалыматына ылайык, өрт өчүргүчтөрдүн даярдыгы начар болгон. Эгер алардын шаймандары жайында болгондо өрттү өчүрүп калууга болмок экенин билдиришти.

Учурда келтирилген чыгымдар такталып, баш-паанексиз калгандарга чара көрүлүп жатат.

81
Белгилер:
өрт, Таш-Көмүр шаары
Тема боюнча
Оюндан от чыгып, тестиер бала ооруканага түштү
Жалал-Абад: динге жамынып, от чыгаргысы келген 45 факты катталган
Кармалган кыз кишен менен. Архив

Эшикти талкалап киришкен. Бишкекте үч кыз каракчылыкка шектелип кармалды

190
(жаңыланган 21:06 06.07.2020)
Милиция кылмышка шектелген кыздардын бири өспүрүм курагында, улуулары 18 жана 20 жашта экенин маалымдады.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип үч жаш кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя 6-июлга караган түнү саат 03:30 чамасында болгон. Борбор калаанын "Келечек" жаңы конушунда бир үйдү тоноп кетти деп чакыруу түшкөн. Айтылган дарекке Кайгуул милициянын кызматкерлери барганда үйдө жашаган Б.В. аттуу өспүрүм кызды үч кыз карактап кеткенин айтышкан.

"Шектүү кыздар үйдүн эшигин сындырып кирип 16 жаштагы өспүрүм кызды бычак менен коркутуп, баасы 10 миң сом турган телефонун, паспортун жана косметикаларын алып кетишкен. Көп өтпөй эле инспекторлор кылмышка шектүү катары 16, 18 жана 20 жаштагы кыздарды кармады. Алар Свердлов райондук милициянын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда чаламандын чак түшүндө тонолгон банк. Окуянын видеосу

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин ("Каракчылык") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

190
Белгилер:
кыз, милиция, каракчылык, кармоо, шектүү
Тема боюнча
Милиция бустун артынан кууп жеткенче айдоочу беш унаа менен кагышты. Видео
Нарында “Хизбут-Тахрир” уюмуна мүчө делген 6 аял кармалды
Бус Ford Transit за которым автоинспекторы гнались от Александровки до Бишкека

Милиция бустун артынан кууп жеткенче айдоочу беш унаа менен кагышты. Видео

543
(жаңыланган 20:55 06.07.2020)
Кошунасынын кичи автобусун айдап качып кеткен жаран шаарга келгенге чейин беш автоунаа менен кагышып, көп күч жумшагандан кийин токтотулду.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналына автоинспекторлордун бусту кууп бара жаткан видеосу жарыяланды.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы окуя 3-июлда болгонун билдирди.

Бишкекте таксист мотоциклчен кишини коюп, андан соң түркүктү сүздү. Сүрөт

Александровка айылында кызматын аткарып жаткан инспекторлорго саат 12.00 чамасында жергиликтүү тургун кайрылган.

"Ал өзүнүн баласы кошунасынын Ford Transit үлгүсүндөгү автоунаасын сурабай айдап, Бишкек тарапты көздөй чыгып кеткенин айткан. Ошондой эле ал киши уулунун айдоочулук күбөлүгү жок экенин жана психикалык жактан жабыркай турганын билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Задержанный водитель буса
© Фото / Пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области
Кармалган бустун айдоочусу

Мындан улам автоинспекторлор артынан кууп жөнөгөн. Бусту айдап чыккан бала мал базардын жанынан бир автоунаа менен кагышып, бирок ага карабай кете берген. Милиционерлер стационардагы постто нөөмөттө тургандарга кабарлаган. Токтотууга аракет кылган кызматкерлерди бустун айдоочусу коюп кете жаздап, ылдамдык менен өтүп кеткен. 

  • Машина автоинспекторов которая участвовала в погоне
    Токтотууна аракет кылган кызматкерлерди бустун айдоочусу коюп кете жаздап, ылдамдык менен өтүп кеткен
    © Фото / Пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области
  • Бус Ford Transit за которым автоинспекторы гнались от Александровки до Бишкека
    Куугунга аз жерден кырсыктабай калгандар кошулган
    © Фото / Пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области
1 / 2
© Фото / Пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области
Токтотууна аракет кылган кызматкерлерди бустун айдоочусу коюп кете жаздап, ылдамдык менен өтүп кеткен
"Айдоочу Бишкекке чейин келип Гагарин көчөсүндө эки автокөлүк менен кагышкан. Андан соң Асаналиев көчөсүнөн дагы бир Toyota Camry менен сүзүшкөндөн кийин кармашкан. Мунун кесепетинен беш автоунаа жабыркаган. Анын бири милицияныкы. Айдоочу кармалып, тийиштүү материалдар тергөөчүлөргө өткөрүп берилди", — деп кабарлады маалымат кызмат.

Азыркы тапта айдоочунун бөгөт чарасы каралууда.

543
Белгилер:
микроавтобус, милиция, куугун, айдоочу
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Жолтандабас айдоочусунун жоругу. Toyota талкалай сүзгөн кароолканадагы окуя
Караколдо бакты сүзүп каза болгон жигит автоунааны айдай качкан. Сүрөт
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Бирдиктүү евразия патенти боюнча маанилүү документке кол койду

15
(жаңыланган 22:40 06.07.2020)
Документке ылайык, бир нече өлкө менен сооданы өнүктүрүүгө, региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзүлмөкчү.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколун ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган протоколго 2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган. Ал эми мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

“Протоколдун негизги максаты — өнөр жай менчик объектилерин коргоонун евразия системасын бекемдөө жана кеңейтүү. Макулдашуучу мамлекеттердин аймагында бирдиктүү евразия патентинин негизинде өнөр жай үлгүлөрүн коргоонун мамлекеттер аралык системасын түзүлөт.  Ошондой ички рынокторун өнүктүрүү, соода жана инвестициялык иштерди жандантууга өбөлгө болот”, — деп жазылат маалыматта.

ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

Макулдашуучу мамлекеттердин курамына Азербайжан, Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Россия, Түркмөнстан мамлекеттери кирет.

Аны менен катар Евразия патенттик конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн аймагында сооданы өнүктүрүүгө, ошондой эле региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзөрү айтылат.

15
Белгилер:
Евразия, патент, кол, документ, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси