ИИМ: "Улан-2" кичи районунан бомба табылган жок. Баштыктын ичинен бош бөтөлкө чыкты

Жазылуу
Буга чейин көп кабаттуу үйдүн подъездинен шектүү баштык табылганы маалымдалган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Улан-2" кичи районундагы үйлөрдөн бомба табылган жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Манас аэропортунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортунда бомба табылган жок, жүргүнчүлөрдү каттоо калыбына келди
Милициядан билдиришкендей, бомба коюлду деген аймактан курчоо алынды. Шектүү баштыктын ичинен бош бөтөлкөлөр чыкты.

Буга чейин күбөлөр "Улан-2" кичи районундагы тогуз кабаттуу 2/13 үйдүн тургундарын бомба коюлду дееген шек менен жашоочуларды сыртка чыгарышканын билдирген.

Бомба коюлганы тууралуу бул акыркы маалымат эмес. Дем алыш күнү да "Манас" аэропортуна жарылуучу зат коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Жүргүнчүлөрдүн баары сыртка чыгарылган, бирок бомба табылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0