Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда табылган ок-дарылары менен курал.

Бишкекте жок кылынган террорчуларга таандык курал табылды

61
(жаңыланган 10:33 22.12.2015)
Жашыруун жерде сакталган ок-дары шаардын "Чыгыш-5" кичи районунда укук коргоо органдары тарабынан жок кылынган жарандарга таандык экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Арча-Бешик" жаңы конушунда ок-дарылары менен курал сакталган жер табылганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, курал-жарак сакталган жер быйылкы жылдын 10-декабрында жок кылынган эл аралык террористтик топтун мүчөлөрүнө таандык болгон. Эскерте кетсек, 11-декабрга караган түнү УКМК Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунда борбор калаа менен Чүй облусунда терактыларды уюштурууга ниеттенген эл аралык террористтик топтун эки мүчөсүн жок кылган.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги аталган террорчулар милиционер Актилек Абдувалиевди өлтүргөн кылмышкерлер экенин маалымдады.

Учурда табылган курал-жарак боюнча иликтөө иштери улантылып, террористтик топтун башка мүчөлөрүн аныктоо аракеттери көрүлүп жатат.

61
Белгилер:
ок-дары, автомат, курал, УКМК
Тема боюнча
УКМК: Бишкекте теракт кылууну мелжеген согушкерлер Чыгыш-5 кичи районунда жок кылынды