Жыйырма тонна бензинди катып алып өтөм деген киши кармалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу автоунаа. Архив
Жүк ташуучу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал киши "Актилек" көзөмөл өткөрүү жайынан көлөмдүү товарды декларациялабай өткөрүүгө аракет кылганда, чек арачылардын көзүнө илинген.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан бензинди мыйзамсыз алып кирип келе жактан кыргызстандык жаран кармалды. 

Ал "Актилек" көзөмөл өткөрүү жайынан жыйырма тонна күйүүчү майды декларациялабай өткөрүүгө аракет кылганда, чек арачылардын көзүнө илинген.

Жүк ташуучу автоунаасын чек арадан өткөрүп бара жатып, кагаздарды толтурганда аны "бош" деп жазып койгон. Тиешелүү документтер жазылгандан кийин чек арачылар аны Чүй облустук тартип коргоо органдарына өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0