Көлдүн жээгиндеги сактоочу тегерек. Архив

Ошто 5 жана 7 жашар ага-ини сууга чөгүп кетти

112
(жаңыланган 09:59 28.12.2015)
Кырсык шаардын аймагында жайгашкан балык базасында катталган. Улуусунун сөөгү табылып, учурда 5 жаштагы наристе изделип жатат.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ош шаарындагы балык базаларынын бириндеги сууга 5 жана 7 жаштагы ага-ини балдар чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-декабрь күнү кечки саат алтыда болгон. Наристелер туурасы 80-90, узуну 150-160, ал эми тереңдиги 1,5-2,5 метр келген көлмөгө чөгүп кетишкен. 

Улуусунун жансыз денесин атасы өзү алып чыккан. Ал эми кичүү баланы окуя болгон жерге келген куткаруучулар кечки 11ге чейин издеп, таба алышкан эмес. 

Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

112
Белгилер:
база, балык, Суу, Ош
Тема боюнча
Токмок шаарындагы каналга агып бараткан аялды куткарам деген милиция да чөгүп кетти
Бишкек шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеевдин архивдик сүрөтү

Түлеевдин кызматка келишинин айынан эки тарап чатакташа кетти. Видео

154
(жаңыланган 14:33 21.10.2020)
Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула башташкан. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын имаратында Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор менен анын тарапташтары чатакташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула баштаган. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Мэриянын алдына Түлеевге каршы чыккандар гана эмес, тарапташтары дагы келген. Алар нааразы болгондорго кайрылып, мэрдин милдетин аткара турган адамга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Алардын айтымында, кыш жакындап калгандыктан шаарды жылуулук сезонуна даярдаш керек.

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

"Сүйлөшүүлөр" мэрияда өтүп, ага шаар башчысынын милдетин аткаруучу Нариман Түлеев өзү катышты. Ар кандай пикирлерден улам эки тарап чатакташа кетти.

 

154
Белгилер:
Нариман Түлеев, чатак, кызмат, мэр, Бишкек
Тема боюнча
Түлеевдин кызматка келишине нааразы болгондор мэрия алдына чогулду. Сүрөт
COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны
Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев. Архивдик сүрөт

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

86
(жаңыланган 13:08 21.10.2020)
Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Ал бул кызматты 8 жыл жетектеген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев кечээ Финполго сурак берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Вице-мэр иштин ар тараптуу изилдениши үчүн кенен маалымат берген.

Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди

Абдылдаев бүгүндөн тарта кадимкидей иштеп, шаардын чарбалык көйгөйлөрүн чечип жатат.

Эске салсак, Абдылдаев 2011-жылдан 2019-жылга чейин "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасында эмгектенген.

86
Белгилер:
сурак, вице-мэр, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды
Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди
Саргарган дарактар. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткенде +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жааса, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы борборубузда +15...+17, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт