Улуттук Гвардия: атылган аскерлер кароолдо турган жоокерге биринчи кол салышкан

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери. Архив
Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октон бир аскер каза болуп, экинчиси оор абалда реанимацияда экени айтылууда.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Улуттук Гвардиянын октон жабыркаган аскерлери кароолдо турган жоокерге биринчи болуп кол салышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин тарбия бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Мырзабаев билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен жоокердин огунан бир аскер каза болуп, дагы бирөөсү оор абалда реанимацияда экени айтылган. 

"Алар кароолдо турган жоокерге биринчилерден болуп кол салышкан. Жоокер өзүн өзү коргоо үчүн курал колдонууга аргасыз болгон. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Реанимациядагы жоокер өзүнө келе элек", — деди Мырзабаев.

Ал эми Башкы прокуратура окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатканын кабарлады. Билдирүүгө ылайык, күбөлөр суралып, иликтөө жүрүп жатат. Анын натыйжасында аталган кырсык боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси чечилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0