Алдамчылар кымбат аракты жасап жатып, анын бөтөлкөсүнүн көлөмүн эске алган эмес

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүШампан чыгаруучу завод. Архив
Шампан чыгаруучу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы полициясынан билдиргендей, Кыргызстанда сатылган "Hennessy" арагы 0,7 жана 1 литр көлөмүндө гана сатылат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жалган ишкерлик кылгандар кымбат "Hennessy" арагын жасап жатып кармалганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Сыра ичүүчү жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арак ичип отурган эки кыз бычакташа кетип, бирөөсү каза болду
Маалыматка ылайык, аталган бренд менен 0,5 литр көлөмүндөгү арактар сатылып жаткан. Коньяк чыгарган "Henessy" үйү билдиргендей, алар спирт ичимдиктерин 0,7 жана 1 литр көлөмүндө гана чыгарышат.

Учурда кармалган спирт ичимдиктерине карата экспертиза дайындалды. Аталган ичимдиктер кайдан кармалганы боюнча так маалымат жок. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 180-беренеси боюнча жалган ишкердик менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0