Жылкы чучугун аттын жыныстык мүчөсүнө теңеп, мазактаган чет элдик "Манастан" кармалды

Жазылуу
Алдын ала алынган маалыматтарда, Кыргызстандан аэропорт аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылган Улуу Британиянын жараны Майкл Макфит кармалды. Ал ошентип, тилинен тапты.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Жылкынын этинен жасалган улуттук тамак – чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө теңеген "Кумтөр" алтын кен компаниясынын кызматкери Майкл Макфит "Манас" аба майданынан кармалды. Бул туурасында Тоо-кен компанияларынын Борбордук комитенинин кесиптер бирлигинин төрагасы Элдар Тажибаев Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Чет элдиктерди таң калтырган кыргыз тамактары
Узап кеткен жылдын 30-декабрында алтын кен ишканасынын кызматкери Майкл Макфит социалдык тармакка комбинаттын тамак-аш столунда отурган сүрөтүн жарыялап, аны коштогон, кыргыздын улуттук тамак-ашынын бири — жылкынын чучугун аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырган текстин жазган. Ага жооп иретинде "Кумтөр Голд компани" ишканасынын кызматкерлери атайын кат менен ИИМ, Башкы прокуратура жана УКМКга кайрылып, улуттук баалуулуктарды мазактаган чет элдикти жоопко тартууну талап кылышкан.

"Түнкү саат үчтө аны милиция кызматкерлери "Манас" аба майданынан кармашты", — деп билдирди Тажибаев.

Тажибаев жанагыдай жазган постторунан кийин Макфит Кыргызстандан качып кеткенге аракет кылган болушу мүмкүн деген пикирин айтты.

Тоо-кен компаниясынын кесиптер кошуунунун бирлигинен да чет элдиктин кармалгандыгын билдиришти.

"Кечээ түнкү нөөмөттөгү жумушчулар ишке чыгуудан баш тартты, ал эми эртең менен иштегендер жетекчилик келүүгө убада бергенден кийин чыгышты", — деп билдирди кесиптер кошуунунун бирлигинин кызматкери Бегалы Аккулуев.

Анын айтылгандарына коомчулук тарабынан болгон реакциялардан кийин Майкл Макфит Facebook социалдык тармагындагы баракчасына кечирим сурап жазды. 

"Айткан сөздөрүм боюнча кечирим сурайм. Чындыгында эч кимди таарынтып же ыза кылайын деген оюмда жок болчу. Буга өкүнүп отурам", — деп жазган. 

Кызматкерлер мурдагы позициясында туруп, Майкл Макфитти жоопко тартууну талап кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0