Улуттук гвардиянын жоокеринин өлүмүн тергөө учурунда 10 аскер кызматкери иштен четтетилген

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук Гвардиянын аскерлери. Архив
Улуттук Гвардиянын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук гвардиянын аскеринин өлүмүн иликтеген атайын комиссия ишин аяктады. Жакын арада болгон окуяга тийиштиги бар аскер кызматкерлерине карата чаралар көрүлөт.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Улуттук гвардиянын кол башчысынын буйругу менен болгон окуяны иликтөө боюнча 31-декабрда түзүлгөн атайын комиссия ишин аяктаганын Улуттук гвардиянын тарбия иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси Таалайбек Мырзабаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, тергөө иштеринин аягына чейин онго жакын жооптуу аскер кызматкерлери иштен четтетилген.

"Жакын арада болгон окуяга тийиштиги бар күнөөлүү тараптар аныкталып, аларга чаралар көрүлөт", — деди ал. 

Абак кызматкери эшикти жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки жоокерге ок чыгарган Улуттук гвардиянын аскери үй камагына чыгарылды
28-декабрда эртең менен №714 аскер бөлүктө бир аскер кызматкеринин өлүмү менен аяктаган кырсык катталган. Экинчи жоокер оор абалда ооруканага жаткырылган. 

Мырзабаев аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин төрт беренеси "Адам өлтүрүү", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Шалаакылык" жана "Кызмат абалын жогорулатуу" боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалап, жоокерлерге ок чыгарган аскерден башка эч кимге азыр айып коюла электигин белгиледи.

Бул ишти карап жаткан Бишкек гарнизонунун аскер соту курал колдонгон жоокерди үй камагына чыгаруу боюнча чечим кабыл алган. Бирок, мындай чечим менен Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы макул эместигин билдирип, республикалык аскер сотуна кайрыларын маалымдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0