Аравандын тургунун таңып, короодогу 600дөн ашык кой-эчкисин айдап кетишкен

Жазылуу
Учурда бул кылмыш иши боюнча төрт киши айыпталууда. Алардын экөөсү КР жарандары кармалган. Калган эки өзбек жараны изделүүдө.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Араван районунун Чек-Абад айыл аймагандагы 7-январдан 8-январга караган түнү Кызыл-Кат айылынын 31 жаштагы тургуну уктап жаткан мезгилде азият улутундагы эки киши үйүнө кирип келип сабап, колу-бутун таңып, короодогу 600дөн ашык кой-эчкисин айдап кетишкен. Бул тууралуу Араван РИИБи билдирди.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 168 баш кой Өзбекстан менен чектешкен аймактан табылган. Калган 332 кой-эчкилер Өзбекстандын аймагына кирип кеткени карда калган издеринен байкалган.

"Азыркы тапта Өзбекстандын Мархамад райондук милициясы КР жаранынын 158 койун таап, алар кармалып турат. Уурдалган кой-эчкилер бир туугандардыкы болгон. Учурда малдын ээси Бишкек – Астана – Ташкент аба каттамы боюнча учуп, Өзбекстандын тийиштүү бийлик органдары менен сүйлөшүү үчүн кеткени айтылууда", — деп РИИБден маалымдашты.

Аталган факты боюнча 28 жаштагы жана 26 жаштагы КР тургундары шектүү катары кармалып, Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси тоноочулук боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, малды Өзбекстандын аймагына айдап кирип кеткен делген эки өзбек жараны да изделип жатканын райондук милициядан кошумчалашты.

Ал эми таяк жеген киши учурда ооруканада дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0