Айыл чарба жерлерин жеке адамдарга сатып жиберген аял кармалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин тургуну Арстанбекова Жер тилкелерине берилген мамлекеттик актыларды жасалмалап, жарандарга 2,3 миллион сомго сатып жиберген.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Аламүдүн районунун айыл чарбачылыгы үчүн ылайыкталган жер тилкелерин жеке адамдарга алдап сатып жиберген 59 жаштагы Бурапия Арстанбекова аттуу жаран кармалганын ИИМ кабарлады. 

Акча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элден чогулган салыкты ыйгарып алган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери доого жыгылды
Билдирүүгө ылайык, аял аталган райондогу жер тилкелеринин мамлекеттик актыларын жасалмалап, эки жаранга 2,3 миллион сомго сатып, из жашырып кеткен. Арстанбекованын жерге берген документтери жасалма экени аныкталгандан кийин алданган адамдар милицияга кайрылууга аргасыз болгон.

Тергөө маалында мурда соттолуп чыккан аялдын шылуунчулугунан 10дон ашуун жаран жабыр тартканы ачыкка чыгууда.

Учурда бул боюнча эки берененин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0